Teкст песни Калыс Жакыпов - Кымбатым

Суу жаңыртып Ала-Тоонун жылгасын,
Талаа тыңшап торгойлордун ырдашын.
Жаз жадырап мен турамын сумсайып,
Жазда неге келбей койдуң кымбатым.
Жазда неге келбей койдуң кымбатым

Жаркын гүлдө жасалгалап кыр башын,
Жай чыгарып табигаттын сымбатын.
Жер жапжашыл менин өңүм керсары,
Жайда неге келбей койдуң кымбатым.
Жайда неге келбей койдуң кымбатым

Дарак тагып түркүм мөмө сыргасын,
Суктандырды адамдардын кыйласың.
Күтүп жүрсөм жүзүм камдап өзүңө,
Күздө неге келбей койдуң кымбатым.
Күздө неге келбей койдуң кымбатым

Здесь Вы сможете узнать слова песни Кымбатым от исполнителя Калыс Жакыпов, а также скачать или прослушать сам трек.

Слушать трек
Скачать в mp3